"Былтыр курмандык үчүн койду 1800 сомониге алгам, азыр сатуучу бир кой үчүн 2300-2400 сомони сурап жатат", - деп нааразы болду душанбелик Бадриддин Хакимов.
Бул арада өлкөдө азык-түлүк да кымбаттоодо. Соцтармактардын колдонууулары жашылча-жемиш былтыр ушул маалга караганда быйыл алда канча жогорку экенин жазышууда.
Курман айттын алдында таксилердин баасы да кымбаттап кетти. Борбор калаада иштеп жүргөндөр майрамды белгилөө үчүн аймактарга кетишет. Былтыр Душанбеден Хожентке чейин таксинин баасы 100дөн 150 сомониге чейин болсо, быйыл 300 сомониге чейин көтөрүлдү
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Курман Айттын алдында жашоочуларды ысырапкорчулуктан оолак болууга үндөдү.