Ссылки доступа

Казак банктарында рубль топтолуп калды


Казакстандын коммерциялык банктарында накталай орус рубли ири көлөмдө топтолуп калды. Улуттук банк бул чет өлкөлүк валютаны тышка чыгарууга тыюу салуунун жыйынтыгы экенин билдирди.

Улуттук банктын билдирүүсүндө рублдин көп өлчөмдө топтолушу Орусия менен соода жүгүртүүнүн жигердүүлүгү, Орусия жарандарынын туристтик жана башка максаттарда өлкөгө эркин кирип-чыгышы менен дагы байланыштуу экени жазылган.

Быйыл мартта казак президенти өлкөдөн 10 миң доллардан ашык валюта алып чыгууга тыюу салган. Бул чет өлкөлүк накталай валютага болгон чайкоочулукту азайтуу жана ири көлөмдө валютаны чет жакка чыгарып кетүүнүн алдын алуу үчүн кабыл алынганы айтылган. Улуттук банк жана өкмөт рублди бир жолу өлкөдөн чыгарууну камсыздоо боюнча жарлык даярдоону демилгелөөдө.

Бул арада канча өлчөмдө рубль топтолуп калганы айтылган жок. Казакстандык басылмалардын билдиришинче, майдын аягында накталай рублдин көлөмү 25-35 миллиард диапазонунда экенин жазышкан.

XS
SM
MD
LG