Ссылки доступа

Өзбекстанда жарандарды уюшкандык менен Орусияга жумушка жөнөтүү 5,6 эсеге азайды


Өзбекстанда жарандарды уюшкандык менен Орусияга жумушка жөнөтүү 5,6 эсеге азайды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын Тышкы миграция агенттигине шилтеме кылып кабарлашты.

Маалыматка караганда, мекеме 2022-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 7101 кишини чет өлкөгө жумушка жөнөткөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт эсеге аз. 2021-жылы Тышкы миграция агенттиги аркылуу чет өлкөгө жалпысынан 108,5 миң киши ишке орношсо, алардын 28,8 миңи январь-июнь айларынын аралыгында кетишкен.

Өзбекстандын жарандары уюшкандыкта жумушка жөнөтүлүп жаткан өлкөлөрдүн ичинен дале болсо Орусия алдыңкы орунда турат. Бирок бир жылдын ичинде алардын саны 22092ден 3906га чейин же 5,6 эсеге азайган.

Быйыл өзбекстандыктарды уюшкандыкта Казакстанга жөнөтүү дээрлик токтоп калса (3354төн 53кө чейин азайган), Түштүк Кореяга баргандар 826дан 2687ге чейин көбөйгөн.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG