Ссылки доступа

Казакстанда Жогорку сот Сейтказы Матаев менен анын уулу Асетти толук актады


Казакстандын Жогорку сотту Сейтказы Матаев менен анын уулу Асет Матаевди толук актап чыгарды. КазТАГ агенттиги билдиргендей, иш кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу кыскартылган.

Ата-бала медиага материалдарды жайгаштыруу үчүн мамлекет бөлгөн 300 миллиондон ашуун теңгени кымырып алган, мыйзамсыз ишкерлик жүргүзгөн деген айып менен 2016-жылы октябрда алты жана беш жылдан кесилишкен. 2017-жылы 4-декбарда Сейтказы Матаев мунапыс менен эркиндикке чыккан. Ал колонияда жалпысынан 16 ай отурган.

Матаев Казакстан журналисттер бирикмесин 2001-жылдан бери жетектечү. Ал токсонунчу жылдары президенттин, кийин премьер-министрдин маалымат катчысы болгон.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG