Ссылки доступа

Өзбекстанда эки блогер 15 суткага камалды


Өзбекстандын Кокон шаардык соту блогерлер Олимжон Хайдаров менен Комил Ахмедовду 15 суткага административдик камакка алуу чечимин чыгарды. Алар "Улут, раса жана дин аралык кастыкты пропагандалаган материалдарды даярдоо, сактоо же таратуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 28-июнда Кокон шаарындагы "Возрождение" евангел-христиан чиркөөсүнүн пастору укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Ал укук коргоо органдарынан "Олимжон Хайдаров" деген телеграм-каналга чыккан "Кокон шаарында мыйзамсыз чиркөө иштеп жатат" деген маалыматты текшерүүнү өтүнгөн.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Кокон шаарындагы "Возрождение" христиан чиркөөсү расмий түрдө 2019-жылдан бери иштеп келери жана евангель багытындагы христиандарга кызмат көрсөтүү боюнча Юстиция министрлигинин маалымкатына ээ экени аныкталган", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин Олимжон Хайдаров өзүнүн Facebook баракчасына Комил Ахмедов экөөнү эч кандай эскертүүсүз эле суракка чакырышканын жазган.

"Мурдараак биз чиркөө жөнүндө жазганбыз. Бүгүн бизге телефон чалып, суракка чакырышты. Ал жакта үч саат болдук. Андан соң бизге Административдик кодекстин 184-беренеси менен айып тагылды", – деп жазган блогер.

XS
SM
MD
LG