Ссылки доступа

Душанбедеги борбордук мечит реконструкцияланат


Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарындагы Хожо Якуб атындагы борбордук мечит реконструкцияланат.

Эки жыл мурда бул мечит түрттүрүлүп же башка жерге көчүрүлүшү мүмкүн экени тууралуу маалыматтар пайда болгон.

"Сабо" компаниясынын директору Жамшед Сафар Facebook баракчасына "бул тарыхый, туристтик жана диний жайды оңдоо иштерин өзүнө алганын" жазды. Ал жаңыланган мечиттин долбоордук сүрөттөрүн жарыялап, "ак жана бирюза түсү имараттын көрүнүшүнө жаңы дем берерин" белгиледи.

Кожо Якуб мечити – Душанбедеги жүздөгөн адам жума намазын окуй турган эң белгилүү мечиттердин бири. Мечиттин жанында медресе жана Уламалар кеңешинин имараты жайгашкан.

XS
SM
MD
LG