Ссылки доступа

Тажикстандын Восе районунун тургуну милиция бөлүмүндө кыйноого кабылганына даттанууда (видео)


В Восе проверяют жалобу женщины на пытки в местном ОМВД
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:00 0:00

Тажикстандын Восе районунун тургуну Шарофат Салимова жергиликтүү ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын билдирүүдө.

Салимованын айтымында, ал аны кемсинтип жаткан милиция кызматкерлерин видеого тартууга аракет кылганы үчүн үч сутка камакта болуп, прокурордун кийлигишүүсүнөн кийин гана кое берилген.

Райондук ички иштер бөлүмүнөн Салимова айылдаштарынын бири жазган арыздын негизинде суракка чакырылганын ырастап, бирок эч кандай кыйноо болбогонун билдиришти.

Салимованын айтымында, быйыл май айында ал чынында эле коңшуларынын бири менен жаңжалдашкан. Бирок анда ал жабырлануучу болгонун, коңшусу аны сабап салганын билдирүүдө. Анын бул айткандарын экинчи тарап четке кагууда.

Салимова бул окуя боюнча аны эки айдан кийин кайра суракка чакырышканын, ал жактан милиция кызматкерлеринин катаал мамилесине кабылганын билдирүүдө. Анын айтымында, укук коргоо кызматкерлери андан күнөөнү мойнуна алууну талап кылышкан.

"Милиция кызматкерлери күнөөнү мойнума алдыртуу үчүн кемсинте башташты. Мен бул учурду жашыруун түрдө видеого тартып алууга аракет кылгандан кийин ур-токмокко кабылдым. Кийин мени дагы суракка чакырса далилдеп бергидей болоюн деп видеого тарткам. Алар буга чейинки сурактарда да мага жаман мамиле кылышкан", – деди Салимова.

Ал милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча жогорку баскычтарга даттанганын билдирди.

Восе районунун башчысы Жамшед Шарифзода Салимованын арызын кароо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн айтты. Ал арыз ээси менен сүйлөшкөнүн, милиция бөлүмү болсо "аны эч ким кыйноого албаганын" билдиришкенин кошумчалады.

Видео

Видео

"Арстанбап желим баштык, бөтөлкөгө толуп калыптыр"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:11 0:00
XS
SM
MD
LG