Ссылки доступа

Нур-Султанда "Жасыл Астана" турак жай комплексинин тургундары акцияга чыкты


28-июлда Нур-Султан шаарынын он чакты тургуну Министрликтер үйүнүн алдында акция өткөрүштү.

Алар "Жасыл Астана" турак жай комплексиндеги батирлери үчүн акча төлөшкөнүн, бирок андагы курулуш иштери толук бүткөрүлө электигин билдиришти. Чогулгандар курулуш компаниясынын жетекчисин жоопкерчиликке тартууну жана шаардын акими Алтай Кульгиновдун кызматтан кетишин талап кылышты.

"Биз көптөн бери электр менен камсыз кылуу системасы толук жасала элек үйдө жашоого аргасыз болуп жатабыз. Подъезде жарык жок, лифт иштебейт. Жасалгалоо иштери, унаа токтотуу жайы толук бүтө элек. Дагы канча күтүшүбүз керек?", – деп суроо салды Галым Алкенов аттуу акция катышуучусу.

"Биз мамлекеттен акча сурабастан каражатты өз күчүбүз менен топтоп, төлөгөнбүз. Бардык нерсе кымбаттап, мыйзамдар иштебей жаткан шартта беш балам менен каякка барам?" — деди Роза Мусатаева аттуу тургун.

Чогулгандардын айтымында, тогуз кабаттуу үч жана жети кабаттуу бир үйдөн турган "Жасыл Астана" комплексинин курулушуна жалпысынан 172 тургун акча салган.

Акциянын катышуучулары президенттик администрациянын имаратына барууга аракет кылышты. Бирок укук коргоо органдары алардын жолун тороп, өткөрбөй коюшту.

Нур-Султан шаардык акимчилигинин өкүлү Шапагат Балтабайулы мекеме тургундардын маселеси тууралуу кабардар экенин билдирди. Анын айтымында, бул иш боюнча акимчиликтин алдында түзүлгөн атайын комиссия текшерүү жүргүзөт.

Балтабайулы ЖМК өкүлдөрүнө комментарий берип жатып, аталган турак жай комплексинин тургундары үйлөргө "мыйзамсыз көчүп киргенин" айтты. Бирок тургундар анын айткандарын четке кагып, батирлерине "атайын уруксат менен" көчүп киришкенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG