Ссылки доступа

Жаңы изилдөөлөр COVID-19 Ухандагы жаныбарлар базарында жайылганын ырастады


Коронавирус пандемиясы Кытайдын Ухань шаарындагы жаныбарлар базарынан жайылган. Мындай жыйынтыкка окумуштуулар тобу түрдүү ыкмаларды колдонуу менен эки башка изилдөө жүргүзгөндөн кийин келгенин Science илимий журналы кабарлады.

Биринчи изилдөөдө адистер илдеттин тараганын түшүнүү үчүн картографиялык каражаттарды жана социалдык тармактардагы маалыматтарды пайдаланган. Натыйжада алар 2019-жылдын аягында вирус базарда сатылган жаныбарлардын организминде бар болчу деген бүтүмгө келишкен. Бирок ал кайсы жандык экени айтылган жок. Алар тар жайда кармалганы гана белгиленген.

2019-жылдын 20-декабрына карата COVID-19га чалдыккан сегиз киши катталган. Бардыгы базардын бир канатында соода кылгандар жана сатып алуучулар болгон. Алгачкы күндөрдө вирус жуктуруп алган дагы бир нече бейтап базарга барбаганы менен ал жайга жакын жашаган тургундар болгон.

Экинчи изилдөөнүн авторлору вирустун жаныбардан адамдарга кантип өткөнүн билүү үчүн молекулярдык ыкманы колдонушкан. Алар баштапкы стадияда коронавирустун эки варианты болгон жана анын биринчисин адам баласы жандыктан болжол менен 2019-жылдын 18-ноябрынын айланасында жуктуруп алган деген жыйынтыкка келишкен. Экинчи варианты адамга бир нече аптадан кийин жуккан.

Биринчи түрү Ухандагы жаныбарлар базарында иштегендерден, экинчиси жакын жерде жашагандардан аныкталган.

COVID-19 табылганда окумуштуулар вирус эти Ухандагы базарда сатылган жарганаттардан тараган болушу мүмкүн деген теорияны карманып келген. Кийин вирус лабораториядан чыгып кеткени тууралуу гипотезалар айтылганы менен, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттери аны тастыктаган эмес.

Жакында 12 миллион калкы бар Уханда илдетке төрт киши чалдыкканы белгилүү болгондон кийин шаарда кайрадан карантин жарыяланды.

Соңку маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери дүйнөдө вирус дээрлик 579 миллион кишиден аныкталды. COVID-19дан көз жумгандардын саны 6,5 миллионго жакындады.

XS
SM
MD
LG