Ссылки доступа

Казакстандын түштүгүндө айлыкты жогорулатууну талап кылган темир жолчулар иш таштады


1-августта Маңгыстау облусундагы Бейнеу станциясында иштеген 300гө жакын темир жолчу айлыктарды 100% жогорулатуу талабы менен иш таштады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Темир жолчулар маянаны жогорулатуу маселеси төрт айдан бери чечилбей жатканын билдиришти.

"Айлыктарды жогорулатуу тууралуу талабыбыз аткарылбай жатканына байланыштуу Эмгек кодексиндеги нормаларга ылайык жумушчулар ишин токтотуп, мыйзамдуу иш таштаганын билдиребиз. Жумуш берүүчү тараптан эч кандай куугунтук жана коркутуулар болбошун талап кылабыз", – деди темир жолчулардын бири.

Жергиликтүү басылмалардын маалымтына караганда, темир жолчулар быйыл март айында да маянаны көтөрүү талабы менен акцияга чыгышкан. Алардын айтымында, ишканада минималдык айлык акы 180 миң теңгени (375 доллар) түзөт.

1-августта "Казакстан темир жолу" компаниясынын басма сөз кызматы Бейнеу станциясындагы маселелерди чечүү боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Маалыматка караганда, быйыл апрелде макулдашуу комиссиясы түзүлүп, "анын алкагында жумушчулардын бир катар мыйзамдуу талаптарын канааттандыруу боюнча чаралар көрүлгөн".

Ошол эле маалда мекеменин басма сөз кызматы "каражаттын жоктугуна байланыштуу" темир жолчулардын айлыкты 100% жогорулатуу талабын аткаруу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG