Ссылки доступа

Тоолуу Бадахшанда халиф Музаффар Давлатмиров беш жылга соттолду


Хорог шаарындагы Тирчид кичи районунун халифи Музаффар Давлатмиров
Хорог шаарындагы Тирчид кичи районунун халифи Музаффар Давлатмиров

Хорог шаарындагы Тирчид кичи районунун халифи Музаффар Давлатмиров "экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасаганы үчүн" беш жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Тоолуу Бадахшан автоном облусунун соту кабыл алды.

Маалыматка караганда, 58 жаштагы Давлатмиров 26-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тоолуу Бадахшан автоном облустук бөлүмүнө маектешүүгө чакырылып, ошол эле күнү кармалган.

Музаффар Давлатмуродовдун жакындары сот адилетсиз айыптоо өкүмүн шашылыш чыгарды деп эсептөөдө. Алардын айтымында, соттук процесстин жүрүшүндө айыпталуучунун күнөөлүү экени боюнча эч кандай далилдер келтирилген эмес.

"Музаффар эмнеге айыпталып жатканын толук билбейбиз. Ал өз насааттарында тургундарды сабырдуулукка чакырчу, айрым учурларда бийликтин мыйзамсыз аракеттерин да сындап койчу. Күч түзүмүндөгүлөр Давлатмировдун адилеттүүлүк үчүн күрөшүн, ошондой эле аны аймактын бейформал лидерлери сыйлаганын жактырышчу эмес", – деди халифтин аты-жөнүн айткысы келбеген туугандарынын бири.

Халиф – исмаилиттердин дин кызматчысы, ага тургундар ар түрдүү суроолор менен кайрылып турушат.

Тоолуу Бадахшандын айрым жашоочулары Музаффар Давлатмировдун соттолушу анын аймактын бейформал лидерлери Мамадбокир Мамадбокировдун, Зоир Ражабовдун жана Хурсанд Мазориевдин жаназасын окуганына байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Бул адамдар күч түзүм кызматтарынын быйыл май-июнь айларында Хорогдо жүргүзгөн атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Быйыл май айында Хорог шаарында жана Рушан районунда болгон нааразылык акциялардын жүрүшүндө он киши каза болуп, 200дөн ашык адам кармалган. Тажикстандын бийлиги нааразылык акциясына чыккан тургундарды уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп атап, алар күч түзүм кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнүн жана чет өлкөлөрдөн аймактагы абалды туруксуздаштыруу боюнча көрсөтмөлөрдү алып турушканын билдирген. Өз кезегинде жергиликтүү тургундар аларда эч кандай курал-жарак болбогонун, көчөгө өз укуктарын коргоо үчүн гана чыгышканын айтууда.

XS
SM
MD
LG