Ссылки доступа

ФБР Трамптын Флоридадагы резиденциясында тинтүү жүргүздү


Мар-а-Лаго

Дүйшөмбү күнү кечинде АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп ФБР кызматкерлери анын Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында тинтүү жүргүзүшкөнүн, жеке сейфин ачышканын билдирди. Дональд Трамп бул маалда Нью-Йоркто болгон.

Федералдык иликтөө бюросу бул билдирүү боюнча расмий түрдө комментарий бере элек. Бирок америкалык ЖМКлар өз булактарына таянуу менен ФБР кызматтык документтерди, анын ичинде мурдагы президент Ак үйдөн кетип баратып өзү менен кошо ала кеткен жашыруун кагаздарды издегенин жазышты. Мыйзам боюнча алар мамлекеттин менчиги болуп эсептелет жана АКШнын Улуттук архиви узак убакыттан бери документтерди кайтарып берүүнү талап кылып келген. Алардын бир бөлүгү кайтарылган. Бир нече ай мурун Улуттук архив Башкы прокуратурага кайрылып, Дональд Трампты бардык документацияны кайтарып берүүдөн баш тартууга айыптаган.

New York Times жазгандай, тинтүүгө уруксат алуу үчүн ФБР сотту алар потенциалдуу кылмыш ишин иликтеп жатканына ынандыруусу керек болчу. Эксперттердин пикиринде, эгер мурдагы президент негизсиз түрдө жашыруун документтерди алып жүргөн болсо, бул кылмыш иши катары бааланат.

Дональд Трамп президент кезде Мар-а-Лаго резиденциясында көп убактысын өткөргөн. Анын бир бөлүгү гольф-клуб катары колдонулат.

Видео

Видео

- Ош - Изник: 45 күндө беш өлкөдөн өткөн ардагер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00
XS
SM
MD
LG