Ссылки доступа

Талибдер Кабулда аялдардын тынч акциясын күч менен таратты


"Талибан" кыймылынын жоочулары "Нан, жумуш, эркиндик" деген ураан менен Кабулдун көчөлөрүнө демонстрацияга чыккан аялдарды күч менен таратты.

13-августта 40ка жакын аял укуктары жана эркиндиктери чектелип жатканына каршы наарызылык акциясын өткөрүү үчүн Билим берүү министрлигинин алдына чогулушкан.

Соцтармактарга жарыялаган видеолордон "Талибандын" жоочулары асманга ок атып жатканын көрүүгө болот. Чогулгандар кача баштаганда алар аялдарды кууп жетип, автоматтардын кундагы менен урушкан.

Ооганстандагы көз карандысыз журналисттердин бирлиги акцияны чагылдырып жүргөн үч чет өлкөлүк жана бир жергиликтүү журналист кармалганын, дагы эки жергиликтүү журналист жараат алганын билдирди.

Amnesty International эл аралык уюму талибдер тынч акцияны таркатуу үчүн "ашыкча күч колдонгону" тууралуу маалыматтарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Уюм "Твиттердеги" баракчасына "аялдар болгону тынч акция өткөрүп, өз укуктарынын сакталышын талап кылганын" жазды.

Былтыр 15-августта Ооганстандагы бийликти басып алгандан кийин "Талибан" аялдар менен кыздардын иштөөгө жана окууга болгон укуктарын чектеген. Ошол эле маалда талибдер түзгөн өкмөттүн мыйзамдарына ылайык, аялдар көчөдө жүзүн толук жаап жүрүп, үйдөн күйөөсүнүн же жакын эркек тууганынын коштоосусуз чыкпашы керек.

Азырынча талибдердин бийлигин дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек. Эл аралык коомчулук бул үчүн "Талибан" өлкөдө инклюзивдүү өкмөт түзүп, аялдар менен кыздарды негизги укуктар жана эркиндиктер менен камсыз кылышы керек экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG