Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланды


Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев ал өлкөнүн Жерге жайгаштыруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Ашури Хожазода менен 12-августта Дүйшөмбү шаарында жолугушту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун ишмердүүлүгүн талкуулашкан. Анда Абдылдаев Кыргызстан 21-июлда Чолпон-Ата шаарында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Топографиялык жумушчу топтун жетекчиси Ориф Ашури өкмөттүк делегациянын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусун Тажикстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.

Эки өлкө ортосундагы былтыркы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси макулдашылганын 22-июлда “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирген.

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында кандуу окуя катталып, жаңжалда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт кетип, 87си жабыркаганы расмий кабарланган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

XS
SM
MD
LG