Ссылки доступа

Январь окуяларында 92 киши "куралдуу кол салуу учурунда" каза болгон


Казакстандын Башкы прокуратурасы Январь окуялары маалында каза болгон 176 кишинин кандай жагдайда өлгөнү аныкталганын билдирди.

Мекеменин Биринчи кызматынын башчысынын орун басары Елдос Килымжановдун айтымында, 92 киши мамлекеттик мекемелерге жана башка объектилерге "куралдуу кол салуу учурунда" каза тапкан.

"92 киши Алматы, Кызылордо, Тараз, Чымкент жана Атырау шаарларындагы акимчиликтерге, полиция имараттарына, президенттин резиденциясына, телемунарага, ошондой эле дүкөндөргө жана башка объектилерге куралдуу кол салуу учурунда өлгөн. Кылмышкерлер негизинен көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жашырынып, ал жактан чыга калып куралдуу кол салууларга барышкан. Антитеррористтик операция учурунда айрым жарандар ок жеп каза болгон. Бир нече адам ишкерликтин түрдүү объектилеринде таалоончулук жана уурулук кылып жатканда өлгөн", – деди Килымжанов.

Ал буга чейин айтылгандай Алматы шаарында жана Алматы, Жамбыл, Кызылордо облустарында 19 күч түзүм кызматкери каза болгонун белгиледи.

"Алар коомдук тартипти сактоо жана мамлекеттик объектилерди күзөтүү боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда өлтүрүлгөн", – деди Килымжанов.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Январь окуяларында адамдар каза болгон фактылар боюнча жалпысынан 200 кылмыш иши тергелүүдө.

Мекеме өкүлүнүн айтымында, Январь окуяларына байланыштуу шектүү катары кармалгандарга карата сурактын уруксат берилбеген ыкмаларын пайдаланган күч түзүм кызматкерлерине карата да тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

"Сурактын уруксат берилбеген ыкмаларын колдонуунун жыйынтыгында башаламандыктарга катышуу шеги менен кармалган алты киши өлгөн. Алардын өлүмүнө шектүү катары 15 күч түзүм кызматкери кармалып, аларга карата ар түрдүү бөгөт чаралары белгиленген", – деди Килымжанов.

Башкы көзөмөл органы белгилегендей, бүгүнкү күндө Январь окуялары учурунда уурдалган курал-жарактын (жалпысынан 1259 курал жоголгон) үчтөн бир бөлүгү гана табылды. Калганы "кылмышкерлердин" колунда калууда.

16-августта Башкы прокуратура Январь окуялары учурунда каза болгондордун тизмесин жарыялаган. Тизмеде 238 кишинин ысымдарынын баш тамгалары жана фамилиялары жазылган. Маркумдардын жаш курагы жана кандай жагдайларда каза болгону тууралуу маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Алардын кимисин күч түзүм кызматкерлери "антитеррордук операциянын" жүрүшүндө өлтүргөнү да белгисиз. Мындан тышкары прокуратура жарыялаган тизмеде кимдер кокустан атылган октон, башка каражаттарды колдонуудан өлгөнү жана кыйноо учурунда каза болгону жазылган эмес.

XS
SM
MD
LG