Ссылки доступа

Анжиянда студент окуу жайдын жатаканасында асылган абалда табылды


Анжиян машина куруу институтунун “логистика” багытынын экинчи курсунун студенти өзүнө-өзү кол салган.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын билдиришинче, 5-августта 23 жаштагы жигит жогорку окуу жайдын жатаканасында түнөгөн, эртеси күнү саат 9:30да ал ажаткананын эшигинде кабелге асылган абалда табылган.

Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалды.

Анжиян прокуратурасы суициддин себебин иликтөөдө жана тергөөгө чейинки териштирүү уланууда.

XS
SM
MD
LG