Ссылки доступа

Өзбекстан менен Сауд Арабиясынын ишкерлери $13 млрд. келишимдерге кол коюшту


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Сауд Арабиясына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Жидда шаарында Өзбекстан менен Сауд Арабиясынын ишкерлик кеңешинин 4-жыйыны өттү.

Анын жүрүшүндө катышуучулар конкреттүү долбоордук сунуштар, чет өлкөлүк инвестицияларды коргоонун механизмдери жана Өзбекстандагы тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

G2B жана B2B форматында өткөн жолугушууларда өз ара кызматташтыктын келечегин анализдөө, болочоктогу өнөктөштөрдүн кызыкчылыктары менен керектөөлөрүн түшүнүү, жаңы идеяларды жана инвестициялык долбоорлорду талкуулоо мүмкүнчүлүшү ачылды.

Эки өлкөнүн ишкерлик кеңешинин 4-жыйынынын соңунда Өзбекстандагы энергетика, химиялык өнөр жай, фармацевтика, медицина, транспорт, логистика, инфраструктуралык жана турак жай курулушу тармактарындагы конкреттүү долбоорлорду ишке ашыруунун перспективаларын аныктай турган биргелешкен 15 документке кол коюлду.

Келишимдердин жалпы баасы 13,1 миллиард доллардан ашты. Бул эки өлкө ортосунда акыркы 30 жылда кол коюлган эң ири макулдашуу болуп калды.

XS
SM
MD
LG