Ссылки доступа

Бюро: Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалгандардын 71% кыйноого алынган


Адам укуктары боюнча эл аралык бюронун Казакстандагы бөлүмү Январь окуялары маалында жана андан кийин кармалгандардын укуктары боюнча аналитикалык баяндамасын жарыялады.

Ага ылайык, Январь окуяларына байланыштуу кармалгандардын 71% кыйноого алынган. Алардын 83% адвокаттары кыйноолорго даттанып, алар боюнча текшерүү иштери жүргөн. Бул учурлардын 77 пайызында шектүүлөрдү аныктоо мүмкүн болгонуна карабастан, 18% гана шектүүлөр аныкталган же кармалгандарга кыйноолордон жабыркаган деген макам берилген.

Бүгүнкү күнгө карата кармалгандарга карата тергөөнүн уруксат берилбеген ыкмаларын колдонууга жана кыйноого алууга 15 күч түзүм кызматкери шектелип жатканы белгилүү. Бирок кыйноолор боюнча даттануулардан кийин жалпысынан 200дөн ашык кылмыш иши козголгону белгилүү. Буга чейин Январь окуяларына байланыштуу кармалгандардын ичинен алты киши кыйноодон улам өлгөнү ырасталган.

"Кармалгандардын 76% өз алдынча адвокат тандай албаса, 71% "телефон чалып алуу" укугун пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Мындан тышкары 59% учурда жарандын кармалган убагы менен протоколдо көрсөтүлгөн убакыттын ортосундагы айырмачылык бир нече сааттан 8 күнгө чейин айырмаланган. Мыйзам боюнча бул айырмачылык үч саттан ашпашы керек. Ошондой эле кармоолордун 90 пайыз учуру видеого тартылган эмес, 63% учурунда кармалып жаткандарга карата күч колдонулган", – деп жазылган баяндамада.

Соңунда баяндаманын авторлору казак бийлигине мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча бир нече сунуштарды беришкен: кармоо маалында полиция кызматкерлери алгач өзүн тааныштырып, кызматтык күбөлүгүн көрсөтүшү керек; протокол толтурууда жаран кармалган убакытты так жазып, анын эмнеге кармалып жатканын түшүндүрүп бериши керек; кармалган адамды өз укуктары менен тааныштырышы керек.

Мындан тышкары авторлор бийликти кармоо тууралуу протоколго өзгөртүү киргизип, кармалган адам полиция бөлүмүнө жеткирилген убакыт, ошондой эле аны ким жана кандай жол менен жеткиргени так жазыла турган атайын өзүнчө бир сап кошууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG