Ссылки доступа

HRW тажик бийлигинен Тоолуу Бадахшандын жашоочуларына карата куугунтукту токтотууну талап кылды


Human Rights Watch  эл аралык укук коргоо уюму Тажикстандын бийлигин мыйзамсыз камоолорду жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочуларын адилетсиз соттоону токтотууну талап кылды.

HRW 23-августта тараткан билдирүүсүндө "Тажикстандын бийлиги бул тажрыйбага чекит коюп, адилеттүү соттук териштирүүнү камсыздоо үчүн эл аралык келишимдерди аткарышы керек" деп айтылган.

Укук коргоо уюмунун кайрылуусунда Тоолуу Бадахшандын ондогон жашоочусу май айындагы митингдерден кийин кармалганы, адвокаттар киргизилбей жатканы жана алардын күнөөсү далилденбей адилетсиз соттолушу ыктымал экени белгиленген.

Май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон нааразылык учурунда ондогон киши өлүп, укук коргоо органдары жүздөгөн адамды, анын ичинде аймактын активисттерин кармап кеткен. Алар башаламандыктарды уюштурууга айыпталып, айрымдары узак мөөнөткө соттолду. Кармалгандар жана алардын туугандары айыптоолор негизсиз экенин билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG