Ссылки доступа

Душанбе: орус-тажик кызматташтыгына эч нерсе коркунуч жаратпайт


Николай Патрушев менен Владимир Путин. Архив сүрөт
Николай Патрушев менен Владимир Путин. Архив сүрөт

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Тажикстанда АКШнын борборук командачылыгы уюштурган “Аймактык кызматташтык - 2022” аскердик машыгууларына тынчсыздануусун билдирди.

АКШнын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Пакистандын жана Монголиянын аскер күчтөрү алты күндүк командалык-штабдык машыгуулары 10-20-август аралыгында өткөн. Мындан тышкары Тажикстан менен АКШ беш күндүк эки тараптуу аскердик окууларды уюштурган.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев АКШнын Борбор Азиядагы аскердик машыгууларга болгон кызыгуусун аскердик аракеттердин дараметин иликтөө, перспективдүү буталардын координаттарын тактоо, мындан тышкары жогорку тактыктагы курал үчүн санариптик карталарды оңдоп-түзөө менен түшүндүрдү.

Патрушевдин билдирүүсү Шанхай кызматташтык уюмунуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Ташкенттеги жолугушуусу учурунда айтылган.

“ШКУга мүчө бардык өлкөлөр мындай америкалык демилгелер биздин коопсуздугубузга канчалык чоң тобокелчиликтерди жаратып жатканын азыр дагы баамдашууда деп өтө ишенем”, - деген Патрушев.

Ал кеп кандай “тобокелчиликтер” жөнүндө болуп жатканын так айткан эмес.

Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Насрулло Махмудзода 23-августта орусиялык кесиптешинин билдирүүсүнө комментарий берип жатып: “Патрушев мырзага айтып коеюн, Орусия Федерациясы менен стратегиялык кызматташтыгыбыз бар жана бул кызматташтык өзгөрүүсүз калат. Тажикстан менен Орусиянын стратегиялык мамилесине эч нерсе коркунуч жараткан жок”, деди.

XS
SM
MD
LG