Ссылки доступа

Каракалпакстан парламентинин төрагасы Мурат Камалов кызматтан кетти


26-августта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Каракалпакстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Нукус шаарына барды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, сессиянын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Мурат Камалов ден соолугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынды. Ал парламент төрагасы болуп 2020-жылы октябрда шайланган.

Камаловдун ордуна Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, 22-августта депутат болуп шайланган Аманбай Орынбаевдин талапкерлиги сунушталды. Президент анын талапкерлигин кароонун алдында аймакты өнүктүрүү, калктын турмушун оңдоо жана көйгөйлөрдү чечүү боюнча пландарын жана сунуштарын угууну сунуштады.

1-2-июль күндөрү Өзбекстан Конституциясынын сунушталып жаткан жаңы редакциясындагы Каракалпакстандын макамынын өзгөртүлүшүнө каршы өткөн жапырт нааразылык акциялар күч менен таркатылган.

Расмий маалыматтарга ылайык, ал окуялар маалында 243 киши (анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери) жараат алып, 21 киши өлүп, 516 адам кармалган.

XS
SM
MD
LG