Ссылки доступа

Бишкек: камактагы активисттерди бошотууну талап кылгандар акцияга чыкты


Бишкек шаарында өкмөт үйүнүн алдына камакта жаткан бир катар активисттерди бошотууну, куугунтукту токтотууну талап кылган 20 чакты адам нааразылык акцияга чыкты.

Алар Мелис Аспековдун, Амангелди Артыковдун, Адилет Балтабайдын, Тилекмат Куреновдун бошотулушун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылып жатат. Милиция кызматкерлери шаардын борбордук аянтында, өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимин көрсөтүп, ал аткарылбаса чара көрүлө турганын эскертти. Мындан улам нааразылыкка чыккандар акциясын Максим Горький атындагы гүлбакта улантарын билдиришти.

2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен "250 миң доллар талап кылган" деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) "Опузалап талап кылуу" деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып боюнча ошол эле кодекстин "Алдамчылык" деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.

Быйыл 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча алты, "Алдамчылык" боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.

Садыр Жапаровдун саясатын сындап келген Тилекмат Кудайберген уулу Фейсбуктагы баракчасы аркылуу бийликти кулатууга чакырык жасаган деген негизде быйыл 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыккан. Кийин Аламүдүн райондук соту Куреновду мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Активист "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеп, "Ханституцияга каршы" тобуна мүчө болгон. 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан.

Адилет Балтабай 30-июнда камакка алынган жана Бишкектеги Биринчи май райондук соту бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган. Милиция жарандык активистке козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Адилет Балтабай буга чейин "Азаттыкка" комментарий берип, ага эки берене "бийликке баш ийбөө" жана "жарандарга зордук-зомбулук көрсөттү") менен айып коюлуп жатканын, өзү күнөөлүү эмес экенин айткан. Ал болгону Фейсбукта өз пикирин гана айтып келгенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG