Ссылки доступа

Кыргызстандын эгемендигине 31 жыл толду


Бүгүн, 31-августта Кыргызстанда Эгемендик күнү белгиленүүдө. Негизги майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүп жатат.

Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

Майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган маараке менен да коштолууда. Анын алкагында маданий иш-чаралар, "Ынтымак" фестивалы, боз үйлөрдөн турган айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланууда.

Майрам Улуттук телеканал баштаган жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда түз көрсөтүлүүдө.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

XS
SM
MD
LG