Ссылки доступа

Өзбекстан: бир бөлүгү Ооганстандан алып келинген 95 кг маңзат алынды


Мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөштүн алкагында Улуттук коопсуздук кызматынын Сурхандарыя облустук башкармалыгы бир нече ыкчам иш-чараларды жүргүздү.

Алардын жүрүшүндө Ташкенттин Чиланзар районунда эки чет өлкөлүк жаран бараткан Matiz үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, ичинен 23 килограмм апийим жана 30,1 килограмм гашиш табылган. Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, бул баңгизаттар Өзбекстанга аткезчилик жол менен Ооганстандан алып келинген.

Мындан тышкары Термез шаарында Сурхандарыя облусунун тургуну башкарып бараткан Lacetti автоунаасы токтотулуп, ичинен 39,5 килограмм гашиш табылган. Айдоочу буга чейин чет өлкөдө жасаган оор кылмышы үчүн соттолуп, камалып чыкканы аныкталган.

Ошондой эле буга чейин маңзатына байланыштуу соттолуп чыккан Сурхандарыя облусундагы Денау районунун 1967-жылкы жашоочусунун үйүнөн 2,4 килограмм апийим табылды.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жалпысынан 25,4 килограмм апийим жана 69,6 килограмм гашиш алышкан.

Бул фактылар боюнча Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG