Ссылки доступа

Еврокомиссия Украинага жардам катары 500 миллион евро берет


Еврокомиссия Украинага жардам катары 500 миллион евро бөлөт. Тиешелүү документке эки тарап кол койгонун Еврокомиссиянын расмий өкүлү Эрик Мамер 5-сентябрда Брюсселде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Бул маалыматты Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль да ырастады.

Маалыматка караганда, жардам Украинанын ичинде көчүп жүрүүгө аргасыз болгон адамдарды жана агрардык тармакта иштеген дыйкандарды колдоого, ошондой эле билим берүү муктаждыктарын жабуу үчүн жумшалат.

Буга чейин Европа биримдиги Украинага 5 миллиард евро жардам берери, бул каражат "зарыл чыгымдарга, анын ичинде украиналыктарга айлык акылар менен жөлөк пулдарды төлөп берүүгө" жумшала турганы кабарланган.

Ал ортодо Ак үй Украинага аскердик учактарды сатып берүү жана өлкө бюджетин колдоо үчүн Конгресстен 11,7 миллиард доллар сураганы жатканы белгилүү болду. АКШ президентинин администрациясы бул каражатты 2023-жылдын биринчи кварталында алууга үмүттөнүп жатат.

XS
SM
MD
LG