Ссылки доступа

Тажикстан Пакистанга гуманитардык жардам жөнөттү


Пакистандагы суу ташкыны
Пакистандагы суу ташкыны

Тажикстан узакка созулган нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел каптаган Пакистанга гуманитардык жардам жөнөттү. Жүк Пакистанга Ооганстандын аймагы аркылуу жеткирилүүдө.

Маалыматка караганда, биринчи зарылдыктагы товарлар жүктөлгөн 130 автоунаанын кербени Душанбеден тажик-ооган чек арасын көздөй 7-сентябрь күнү эртең менен чыккан.

Тажик өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер боюнча агенттиктин жетекчи орун басары Сохиб Зувайдуллоевдин айтымында, гуманитардык жардам миң тонна көмүрдөн, 500 тонна ундан, 500 тонна ичүүчү суудан жана эки миң даана шиферден турат. Жалпы салмагы үч миң тоннадан ашкан жардамдын баасы 12 миллион сомонини түзөт.

Айдоочулардын айтымында, гуманитардык жардам тажик-ооган чек арасына чейин жеткирилип, ал жактан Пакистандын бийлик өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилүүдө.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Пакистанда өлкө аймагынын үчтөн бир бөлүгүн каптаган суу ташкындарынан каза болгондордун саны 1343кө жетти. Жаратылыш кырсыгынан 220 миллион калкы бар Пакистанда 33 миллион киши жабыркады. БУУнун маалыматына караганда, селден улам 500 миң киши үйлөрүн таштап, коопсуз райондордогу лагерлерде жашоого аргасыз болууда. Суу ташкыны дээрлик миллион турак жайды жараксыз абалга келтирип, өлкөнү жалпысынан 10 миллиард доллар зыянга учуратты.

XS
SM
MD
LG