Ссылки доступа

Самарканддагы ШКУ саммитине кимдер катышары белгилүү болду


Өзбекстан президентинин маалымат кызыматы кабарлагандай, Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлери 2019-жылдан бери алгач ирет чогулат, саммиттин соңунда Өзбекстандын уюмга төрагалыгы аягына чыгат.

Маалыматка караганда, саммитке Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, Орусия президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Пакистан премьер-министри Шахбаз Шариф, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Беларус президенти Александр Лукашенко, Иран президенти Ибрагим Раиси, Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжан президенти Ильхом Алиев, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов жана Армения премьер-министри Никол Пашинян келет.

Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 14-18-сентябрь аралыгында Самаркандда өтөт.

XS
SM
MD
LG