Ссылки доступа

Тажик журналисти Далери Имомалиге тагылган айып катаалдаштырылды


Тажик блогери Далери Имомали
Тажик блогери Далери Имомали

Тажикстандык блогер Далери Имомалиге козголгон кылмыш иши тергелип бүттү жана жакында сотко өтөт. Бул тууралуу 20-сентябрда Адам укуктарын коргоо боюнча көз карандысыз борбор билдирди.

Борбордун адвокаттарынын айтымында, кошумча тергөө амалдарынын жүрүшүндө мыйзамсыз ишкерликтен түшкөн кирешенин суммасы белгиленген. Ага караганда, журналист Далери Имомали үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылып, 500 минималдык айлык көрсөткүчүндө айып пул төлөшү ыктымал.

Тажик бийлиги Далери Имомали “Ютубдагы” видеосюжеттери үчүн канча киреше тапканын жарыялаган жок. Журналисттин ишине “жашыруун” деген мөөр басылган.

Далери Имомали "Тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу", "Мыйзамсыз ишкерлик менен алектенүү" жана "Кылмыш тууралуу атайылап жалган маалымат берүү" беренелери боюнча айыпталууда.

Имомали 15-июнда Душанбенин Шохмансур райондук прокуратурасына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Бир нече сааттан кийин аны менен бирге репортаждарды даярдап жүргөн журналист Абдулло Гурбати да кармалганы кабарланган. Журналисттер мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн сындаган репортаждарды даярдап, аларды YouTube'да миллионго чейин киши көргөн.

XS
SM
MD
LG