Ссылки доступа

Шавкат Бобозода Экспорт боюнча агенттиктин башчылыгынан бошотулду


Шавкат Бобозода Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Экспорт боюнча агенттиктин директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу токтомго 29-сентябрда кол коюлган. Бобозода эмне үчүн кызматтан алынганы айтылган эмес.

Апта башында "Озоди" радиосу Душанбеде Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Экспорт боюнча агенттиктин директору кармалганын кабарлаган. Редакциянын өз булактары ал ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип жатканын билдиришкен.

"Шавкат Бобозода чет элдик компаниялардын биринин даттануусунун негизинде кармалган. Ал бул компаниядан 300 миң доллар алып, бирок келишимдин шарттарын аткарбоого шектелүүдө", - деп билдирген Тажикстандын укук коргоо органдарындагы өз булак.

60 жаштагы Шавкат Бобозода Экспорт боюнча агенттигин директорлугуна 2019-жылы дайындалган. Мекеме андан бир жыл мурун жергиликтүү товарларды жана кызматтарды башка өлкөлөрдүн рыногунда сатууга көмөктөшүү максатында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG