Ссылки доступа

Акылбек Жапаров: Баткенге жалпысынан үч миллиард сом бөлүндү


Ушул тушта Баткенде жумушчу сапар менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аталган облуска жалпысынан үч миллиард сом бөлүнгөнүн "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, буга чейин резервде 2 миллард сом болгон жана бул каражатка дагы 1 миллиард сом кошулду.

Өкмөт башчы 30-сентябрда кыргз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салуудан жабыркаган Баткен районундагы Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарын кыдырды, жергиликтүү эл менен сүйлөштү.

Акылбек Жапаров Баткенге 29-сентябрда барган жана бул күнү Лейлек районунда чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарды кыдырган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

XS
SM
MD
LG