Ссылки доступа

Өзбекстанда апаларды кемсинткен мурдагы милиция кызматкери кармалды (видео)


Бардык өзбекстандыктардын апасын кемсинткен Ташкенттин Аккурган райондук ички иштер башкармалыгынын мурдагы кызматкери Аббас Сулеймановго "Бейбаштык" беренеси менен айып тагылып, камакка алынды.

Буга чейин социалдык түйүндөргө Сулеймановдун бир аял менен телефондогу сүйлөшүүсү жарыяланган. Анда Сулейманов "бардык өзбектердин, анын ичинде Аккурган районунун жашоочуларынын апаларына" карата уят сөздөрдү айткан.

Аудио интернетке жарыялангандан кийин Аккурган районун ондогон тургуну райондук милиция бөлүмүнүн алдына чогулуп, апаларды кемсинткен адамды жазалоону талап кылышкан.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 30 жаштагы Аббас Сулейманов райондук милиция бөлүмүнүн профилактикалык иштер боюнча инспектор кызматына 2022-жылы ишке алынып, көп өтпөй кызмат учурундагы терс жүрүм-турумуна байланыштуу иштен алынган.

Сулейманов кармалгандан кийин интернетке анын өзү жана апасы Өзбекстандын элинен кечирим сураган видеосу жарыяланды.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG