Ссылки доступа

Ташкент облусундагы аммиак заводунда өрт чыкты (видео)


Ташкент облусунун Чирчик шаарындагы Maxam Chirchiq аммиак заводунда 4-октябрь таңкы саат 8.30да чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Ташкент облустук акимчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттөн кийин жарылуу болуп, заводдун эки кызматкери жеңил жаракат алганын кабарлады. Алар Чирчик шаарындагы ооруканада дарыланууда.

Окуя болгон жерге шаардын башчысы Даврон Хидоятов, өзгөчө кырдаалдар министри Абдулла Кулдашев, энергетика министри Журабек Мирзамахмудов келди. Учурда өрттүн жана жарылуунун себептери иликтенүүдө.

Maxam Chirchiq – Өзбекстанда минералдык жер семирткичтерди жана башка химиялык продукцияларды өндүргөн ири компания.

Видео

XS
SM
MD
LG