Ссылки доступа

Ташкентке "Ассоциацияланган эл аралык каржы борбору" макамы берилди


Улуу Британиядагы "Z/Yen" аналитикалык борбору Ташкент шаарын "Ассоциацияланган эл аралык каржы борбору" катары "Эл аралык каржы борборунун глобалдык индексине" (GFCI) киргизди.

GFCI эл аралык каржы борборлорунун атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн каржы базарына, бизнес-чөйрөсүнө, адам капиталына, инфраструктурасына жана өлкөнүн репутациясына карап баалайт.

GFCI рейтингинин каржы-инвестициялык коомчулугу өз ичине 138 өлкөнүн 30 миң финансистин жана 5 миң эл аралык корпорацияны камтыйт.

"Ташкент шаарынын бул индекске кошулуусу капиталды жайгаштыруу үчүн юрисдикция катары Өзбекстанды тандоодо эл аралык инвесторлор менен бизнес өкүлдөрдүн инвестициялык чечимдерди кабыл алуусуна көмөктөшөт", – деп жазылган расмий билдирүүдө.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG