Ссылки доступа

Президент Жапаров Астана шаарындагы иш-чараларга катышат


Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев "Азаттыкка" билдирди.

“Сапардын алкагында 13-октябрда мамлекет башчысы Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат", - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү Жапаров “Борбор Азия – Орусия” форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.

7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейформал саммитине Садыр Жапаров катышкан жок. Орусиянын президенти Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине Жапаровдун куттуктоосун жеткирүү үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жөнөтүлөрү кабарланган.

7-октярбда Садыр Жапаров Путин менен телефондон сүйлөшүп, аны 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты талкуулашкан.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG