Анын айтымында, Мирзиёев 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине, 14-октябрда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынына жана "Борбор Азия – Орусия" саммитине катышат.
Сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ан Суан, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жана бир катар эл аралык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.