Ссылки доступа

Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду


Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча өтүп жаткан элдик курултай жыйынтыкталды.

Анда бир нече пунктан турган резолюция кабыл алынып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болду.

Курултайдын катышуучулары суу сактагыч жана анын аянтын Кыргызстандын менчигинде калтырууну, Кемпир-Абад суу сактагычына башка жерлерди алмашуу, делимитация жана демаркация иштерин токтотуп, ратификация өткөрбөөнү бийликтен талап кылышты. Делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссияны кайрадан түзүү талабы айтылды.

Бул иштер токтобой турган болсо, Кемпир-Абад боюнча кийинки элдик курултай Бишкекте өтө турганы белгиленди.

Мындан сырткары резолюцияда чек араларды делимитация жана демаркация маселелери боюнча протоколдорду инвентаризациялап, элге жарыялоо, 36, 39 жана 42-протоколдорду жокко чыгаруу, Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылышта келтирилген чыгымды калыбына келтирүү үчүн комиссия түзүү, Баткенди өнүктүрүү программасынын аткарылышын көзөмөлдөө, саясий куугунтукту токтотуу талаптар жазылган.

Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу курултайга миңдей киши катышты.

10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жыйынга тармактык комитетке мүчө 14 депутаттын 10у катышып, төртөө каршы добуш берген.

Эми документке тең эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жыйын жабык өткөн. Андан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өттү делген жерлерди атаган.

Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизги документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

XS
SM
MD
LG