Ссылки доступа

Рахмон өнүккөн өлкөлөрдү терроризмге айыпталган кишилерге башпаанек бербөөгө үндөдү


Тажикстан президенти  дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнөн терроризмге айыпталган кишилерге башпаанек бербөөнү сурады, бирок кайсы бир топтун же уюмдун атын атаган жок.

Эмомали Рахмон 18-октябрда Душанбеде өткөн терроризмге каршы конференцияда адам укуктары маселеси менен экстремизм жана терроризмди эки башка бөлүү зарылдыгын айтты.

“Террористер менен экстремисттер “качкын” институтун жакшы пайдаланып, өнүккөн өлкөлөрдүн ишенимине кыянат келтирүүдө”, - деди Рахмон.

Соңку жылдары Тажикстан бийлиги Европа өлкөлөрүн өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы, “Группа 24” кыймылы сыяктуу оппозициялык топтордун өкүлдөрүнө башпаанек бергени үчүн сындап келет.

Тажикстан өкмөтү бул топтордун мүчөлөрүн терроризмге жана экстремизмге айыптаган, бирок Европадан башкалка алган оппозиция мүчөлөрү бийликтин айыптоосун негизсиз деп эсептешет.

Айрым эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстан бийлигин экстремизмге каршы күрөштүн шылтоосу менен адам укуктары менен эркиндиктерин чектегени үчүн сынга алып келет. Душанбе мындай пикирлерге кошулбайт.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG