Ссылки доступа

Казакстанда дагы бир каракалпакстандык активист кармалды


13-ноябрда казак-орус чек арасында каракалпакстандык активист Тлеубике Юлдашева кармалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун кызматкери Гүлмира Куатбековага шилтеме кылып билдирди.

Куатбекованын айтымында, жекшемби күнү Юлдашева ага телефон чалып, казак-орус чек арасындагы "Жайсан" көзөмөл бекети аркылуу Орусияга өтүүгө аракет кылган маалда кармалганын билдирген.

"Казак чек арачылары ал издөөдө экенин айтып, чек арадан өткөрбөй коюшкан. Андан соң аны Мартук райондук ички иштер башкармалыгына жеткире тургандыктарын билдиришкен", – деди Куатбекова.

Анын айтымында, Юлдашева акыркы бир нече айдын ичинде өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Казакстанда кармалган бешинчи каракалпакстандык активист болуп калды.

Сентябрь жана октябрь айларында Казакстанда туруктуу жашап жүргөн төрт каракалпакстандык активист кармалып, соттун чечими менен камакка алынган: Зиуар Мирманбетова, Раиса Худайбергенова, Жангельды Жаксымбетов жана Кошкарбай Торемуратов.

"Бул жарандардын көбү быйыл июлдун башында Каракалпакстанда болгон окуялардан кийин "Конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылуу" беренеси менен шектелип жатышат", – деп кошумчалады Куатбекова.

Маалыматка караганда, Тлеубике Юлдашева 2020-жылдын башынан бери Казакстанда туруктуу жашап келген. Ал мекенинде саясий куугунтукка кабылышы мүмкүн экенин айтып, саясий башкалка берүү өтүнүчү менен казак бийлигине кайрылган.

"Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери Юлдашеванын кармалышы жана анын кайсыл жерде экени боюнча Актөбө облустук полиция департаментинен жана Улуттук коопсуздук комитетинен маалымат ала алышкан эмес.

Ачык маалыматтарга ылайык, жарандык активист Тлеубике Юлдашева өзбек бийлигинин көңүлүн 2013-2014-жылдары бура баштаган. Ал атайын кызматтардын кысымына карабастан, Каракалпакстандын эгемендүүлүгү үчүн аракеттерди активдүү колдоп, өзбек бийлиги тарабынан куугунтукталган каракалпакстандык активисттердин укуктарын коргоо менен алектенген.

XS
SM
MD
LG