Ссылки доступа

Казакстандын Башкы прокуратурасы жарандарды шайлоо күнү "мыйзамсыз митингдерге" катышпоого чакырды


Казакстандын Башкы прокуратурасы жарандарды президенттик шайлоо өтө турган 20-ноябрь күнү "мыйзамсыз митингдерге" катышпоого чакырган билдирүү таратты.

Анда соттун чечими менен өлкөдө тыюу салынган уюмдар социалдык түйүндөр аркылуу казакстандыктарды 20-ноябрда "мыйзамсыз митингдерге" чыгууга үндөп жатканы айтылат.

"Тыюу салынган уюмдардын мыйзамсыз аракеттерге чакырган акцияларына үндөө, аларды уюштуруу жана катышуу үчүн административдик жана кылмыш жазалары каралган. Укук коргоо органдары кандай гана тартип бузуу болбосун аны токтотуп, өлкө мыйзамдарын бузган жарандарга карата мыйзамда каралган бардык чараларды көрөт”, – деп жазылган Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Күн мурун Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети "20-ноябрда жапырт башаламандыктарды уюштурууну пландаган" жети киши кармалганын кабарлаган. Мекеменин билдирүүсүндө аларга карата "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо" жана "Жапырт башаламандык уюштуруу" беренелери боюнча тергөө иштери башталды.

"Кармалгандар Казакстанда тыюу салынган жана каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык тандоосу", "Көчө партиясы" уюмдарынын активисттери. Алар бийликти сындап жүргөн Мухтар Аблязовду колдоп, аны менен көз караштары окшош болгон", – деп жазылган коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө.

Чет өлкөдө бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов акыркы жумаларды соцтармактар аркылуу жарандарды шайлоо күнү митингдерге чыгып, зомбулуксуз административдик имараттарды басып алууга чакырып келет. Азырынча ал Башкы прокуратура менен Улуттук коопсуздук комитетинин бул билдирүүлөрү боюнча комментарий бере элек.

Өткөн аптанын соңунан бери Казакстандын шаарларында ондон ашык активист кармалды. Укук коргоочулар менен активисттер оппозиция жарыялаган митингдердин алдында кысым көрсөтүү жана кармоолор күчөгөнүн билдирип жатышат.

Видео

Видео

Троллдорго пикириңизди уурдатпаңыз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00
XS
SM
MD
LG