Ссылки доступа

Москвадагы өрттөн Тажикстандын бир жараны каза болду


Москванын борборундагы өрттөнүп кеткен имараттын урандыларынын арасынан жети кишинин, анын ичинде Тажикстандын бир жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жекшемби күнү Москванын Каланчёвский аянтынын жанындагы эки кабаттуу имаратта өрт чыккан. Анда эмерек, шамчырак жана гүл саткан дүкөндөр жайгашкан. Өрт жалпысынан 2500 чарчы метр аянтка жайылган.

"РИА Новости" агенттигинин болжолдуу маалыматына караганда, кырсыктан Орусиянын алты жана Тажикстандын бир жараны каза болду. Алардын тек-жайын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт.

Өрттү өчүрүүгө 42 даана техника, анын ичинде үч тик учак жана өрт өчүрүү поезди катышты. Бирок буга карабастан алар өрттү беш сааттын ичинде өчүрө албай, имараттын кабаттарынын ортосундагы бөлүгү урап түшкөн.

Орусиянын Тергөө комитети "Коопсуздук эрежелерине жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Тергөөчүлөр кампадагы товарлар туура эмес сакталып турганын жана өрт коопсуздук эрежелери бузулганын аныкташты.

XS
SM
MD
LG