Ссылки доступа

Душанбе соту узак мөөнөткө соттолгон эки журналисттин кассациялык арызын карайт


Далери Имомали жана Абдулло Гурбати

Кийинки жумада Душанбе шаардык соту 10 жылга соттолгон журналист Далери Имомалиге карата чыккан өкүм боюнча кассациялык арыз карала турган күндү белгилеши керек. Бул тууралуу адвокат Саъдулло Каюмзода билдирди.

Анын айтымында, 22-ноябрда Шохмансур райондук соту журналисттин иши боюнча бардык материалдарды шаардык сотко өткөрүп берери кабарланган.

7,5 жылга соттолгон дагы бир журналист Абдулло Гурбатинин адвокаты Абдурахмон Шарифов кылмыш ишинин материалдары Душанбе шаардык сотуна ушул жуманын ичинде берилиши керектигин билдирди.

Эгер шаардык сот бул журналисттерге карата райондук сот чыгарган өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырса, Далери Имомали менен Абдулло Гурбати тергөө абагынан колонияга которулат.

26 жаштагы Абдулло Гурбати 4-октябрда "Бийлик өкүлүн ачык кемсинтүү", "Милиция кызматкерине зомбулук көрсөтүү" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 7,5 жылга соттолгон. Эки жумадан кийин – 17-октябрда Далери Имомали 10 жылга эркинен ажыратылып, 12 800 сомони (1,2 миң доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген. Ага "Тыюу салынган саясий партиянын, коомдук жана диний уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу", "Мыйзамсыз ишмердүүлүк кылуу" жана "Кылмыш тууралуу атайылап жалган маалымат берүү" беренелери боюнча айып тагылган.

Журналисттердин узак мөөнөттөргө соттолушу тажик коомчулугунда чоң резонанс жаратып, бул чечим эл аралык уюмдар менен батыш өлкөлөрүнүн сынына кабылган. АКШ, Европа биримдигине мүчө өлкөлөр, ЕККУ жана Журналисттерди коргоо комитети журналисттердин соттолушун "сөз эркиндигине жасалган сокку" катары баалашкан.

Акыркы жарым жылдын ичинде Тажикстанда бери дегенде эле жети журналист жана блогер кармалып, алардын төртөө түрдүү мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылды.

Видео

XS
SM
MD
LG