Ссылки доступа

Полиция Астанадагы камоолор боюнча түшүндүрмө берди


Казак полициясы 26-ноябрдын кечинде Астанада бир нече адамдын кармалышы тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады. Күч түзүмдөрү ишембидеги "мыйзамсыз демонстрацияга" 300дөй киши катышып, "полицияга каршылык" кылганын билдирди.

Полиция кабарлагандай, ишемби күнү кечинде Астанадагы түнкү клубдардын биринде жаштар үчүн маданий, көңүл ачуучу иш-чара уюштурулган. Уюштуруучу ишкер "чогулгандар арасында жалган маалымат таркатып, тынчтык чогулушуна байланыштуу мыйзамды бузуп, мыйзамсыз демонстрацияга чакырган. Натыйжада коомдук тартип бузулуп, шаардагы транспорт жана социалдык инфратүзүм толугу менен токтогону жазылган билдирүүдө.

"Акцияга чыккандар мыйзамсыз жыйынды токтотуу чакырыгына баш ийген эмес. Уюштуруучунун козуткан чакырыгынан кийин алар коомдук тартипти бузган" , - деп билдирди Ички иштер министрлиги. Кармалгандардын ким экени такталып, полиция бөлүмүнө жеткирилген.

26-ноябрдын кечинде Астанадагы MEGA соода борборунун жанында акция өтүп, ага чыккандардын айрымдары кармалган. Канча киши кармалганын полиция тактаган жок.

"Власти" гезити кармалгандар TDFA (айыл чарба жаатында иш алып барат) долбоорунун тарапташтары болуусу мүмкүн экенин жазды. Бул долбоордун негиздөөчүсү ишкер Марат Абиев болуп саналат. Жергиликтүү Телеграм каналдартургундар тынчтык жүрүшүнө чыкканын, полиция ага тоскоол болгонун жазышууда.

Кармоолор учурунда шаарда интернет өчкөн. Казакстандын мамлекеттик техникалык кызматы жекшембиге караган түнү Астана жана Акмоло облустарында телекоммуникациялык авария болгон үчүн байланыш жок болгонун кабарлады.

Казакстандын мыйзамы боюнча көчөдөгү чогулуштар акимиаттан уруксат алынган жерлерде гана өтүшү керек.

26-ноябрда Казакстанда кайрадан шайланган президент Касым- Жомарт Токаевдин ант берүү аземи өткөн. Мөөнөтсүз президенттик шайлоо 20-ноябрда болду.

XS
SM
MD
LG