Ссылки доступа

Президент чек ара боюнча тажик тарап менен мунаса табылганын билдирди


Президент Садыр Жапаров курултайда кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери тууралуу учкай маалымат берди. Анда жакында эки тараптуу сүйлөшүү Кыргызстанда өтөрүн, анда тиешелүү документтерге кол коюлгандан кийин парламентке алынып келерин айтты.

"Тажикстан менен алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик, бирок кол кое элекпиз. Эки тарап тең макул болдук. Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев) барып, алдын-ала кол коюп келди. Эми алар жакын арада бизге келишет, кол коюшат. Андан кийин биз аны парламентке алып барабыз, буга чекит коебуз. Азыр биз алар менен "ок атышпайлы, жаңжал чыгарбайлы" деп сүйлөшүп жатабыз",-деди Жапаров.

Президент мындан 10 күндөй мурун парламентте кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу документтер Жогорку Кеңешке жыл жаңырганга чейин алынып келерин билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери 2022-жылдын апрель айында ырасташкан.

Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү кагылыштар токтобой келет. Алардын соңкусу быйыл 16-17-сентябрда катталды. Кан төгүлгөн бул окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Расмий Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 81 кишинин тизмесин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG