Мишустиндин айтымында, Орусия даярдаган дизайн боюнча атом электр станциясын салуу – ири долбоор болуп калат.
“Бул үчүн өз ара макулдашылган бардык келишимдердин аткарылышын тездетүү керек”, - деди орус өкмөт башчысы.
АЭС куруу боюнча Ташкент менен Москванын ортосундагы өкмөт аралык келишимге 2018-жылы сентябрда кол коюлган. Станция Өзбекстандын акчасы менен Орусиянын насыясына курулары кабарланган.
Өзбекстандын Энергетика министрлиги кубаттуулугу 2300 МВт түзгөн АЭС өлкөнүн электр энергияга болгон суроо-талабынын 20% жабат деп күтүлүүдө. Жизак облусунун Тузкан көлүнүн жанындагы тилке ири курулуш объектиси үчүн ыңгайлуу жер катары белгиленген.