Ссылки доступа

Экс-президенттердин артыкчылыктарын кыскарткан мыйзам долбоору жактырылды


Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 6-декабрдагы жыйынында президенттин жана экс-президенттин макамы тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу каралды.

Мыйзам долбоорунун автору, депутат Жеңишбек Токторбаев анда экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет деген ченемди алып салуу сунушталганын билдирди.

Документте жаңы шайланган мамлекет башчы кызматына киришкенден тартып экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциядагы үйдү пайдаланууну токтотушу керектиги жазылган.

Андан тышкары мамлекеттик резиденцияда жашаган президенттен башка бардык мамлекеттик кызматкерлерди коммуналдык акыны өз эсебинен төлөөгө милдеттендирет.

Депутат Дастанбек Жумабеков кээ бир сунуштарга каршы болуп, экс-президенттердин айрым кол тийбестиктери сакталышы керектигин айтты.

"Эл үчүн иштеген президент мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга чегерилген нерселерди алып койгонду туура эмес деп ойлойм. Ошондуктан 13-беренени азыркы абалында калтырып, мамлекеттик күзөттү колдонууга укук берилиш керек. Муну таза иштеген президенттер чыксын деген ойдо айтып жатам. Алардын артыкчылыктарын алып койсок, кийинкисин ойлоп, коррупциялык кадамдарга барышы мүмкүн", - деди Жумабеков.

Токторбаев мыйзам кабыл алына турган болсо, андагы талаптар мындан кийинки президенттерге иштей турганын билдирди.

Депутат Дастан Бекешев 2019-жылы Жогорку Кеңеш мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратканын эске салды. Мындай чечим ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун депутаттарга басымы менен кабыл алынганын белгилеп, жаңы сунушталган мыйзамды артка иштей турган кылууну сунуш кылды.

"Бул дагы башка президенттерге сабак болот. Эгерде мыйзамды артка иштей турган кылбасак, кандай мааниси бар? Жашоо бумеранг. Депутаттарга президенттин аппараты тарабынан түрдүү басымдар жасалган", - деди Бекешев.

Комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Мурдараак айрым активисттер алардын "экс-президент" макамын алууга байланыштуу кол топтой баштаган. Алар "өлкө кыйналып, жумушсуздук жана миграция күчөп турган маалда мурдагы мамлекет башчылар чоң суммада пенсия алып, сакчылардын кароосунда жүргөнү туура эмес" деген жүйө келтиришкен.

2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда жабыр тарткандар да экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу чакырыгы менен чыгышкан.

Азыркы президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугуп жүргөн учурда ушул боюнча келген суроого жооп берип жатып, Жээнбековдо "экс-президент" макамы сакталып калышы керектигин айткан.

Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал өлкөнү 2010-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. Бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башында 2017-жылдан 2020-жылга чейин турган.

XS
SM
MD
LG