Ссылки доступа

Казакстан "газ биримдигине" кирүүдөн баш тартты. Өзбекстан үн ката элек


Орусия Казакстан менен Өзбекстанды жаңы "газ биримдигине" тартууну каалайт
Орусия Казакстан менен Өзбекстанды жаңы "газ биримдигине" тартууну каалайт

Казакстан өз аймагын Батыш өлкөлөрүнүн санкциясын кыйгап өтүүчү жер катары колдонууга жол бербейт жана "газ биримдигинин" долбоорун санкциялык тобокелчиликтерди эске алуу менен баалайт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко билдирди.

Эксперттердин пикиринде, "газ биримдигинин" түзүлүшү Кремлге санкцияларды кыйгап өтүүгө жана газ сатууну улантууга жардам берет.

Роман Василенконун айтымында, Астана санкцияларды эл аралык көйгөйлөрдү чечүүнүн ыкмасы катары колдонууну колдобогону менен өлкө санкцияларды бузбоо позициясын карманып келет.

"Азырынча анын (газ биримдигинин – Ред.) мазмунун талкуулоого эрте, анткени бул жөн гана идея. Бирок Астананын принципиалдуу позициясы – Казакстан өз аймагын санкциялардан кыйгап өтүүчү жер катары колдонууга жол бербейт. Бул позициялар өзгөргөн жок жана кандай гана ыктымал сунуштар болбосун, аларга баа берүүдө сөзсүз колдонулат", – деди Василенко.

Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын, Казакстандын жана Өзбекстандын катышуусунда "газ биримдигин" түзүүнү 28-ноябрда казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен Москвада жолукканда сунуштаган. Алгач "Негизинен биз буга даярбыз. Эмнеге болбосун" деген Казакстандын лидери кийинчерээк өз пикирин бир аз өзгөрткөн.

"Бүгүн Владимир Владимирович менен үч тараптуу биримдик түзүү жөнүндө сүйлөштүк. Бул боюнча ал Өзбекстандын президентине телефон чаларын айтты. Тиешелүү жыйынтыкка жана макулдашууга келүү үчүн адистерибиз менен катар биз да бул теманы жакшылап түшүнүүгө аракет кылышыбыз керек", – деген Токаев.

Казакстандыктардын пикиринде, юридикалык жактан алганда бул биримдик Орусияга санкцияларды кыйгап өтүүгө мүмкүндүк түзсө, иш жүзүндө Астананын Москвага көз карандылыгын күчөтөт. Азырынча Батыш өлкөлөрү орус газын Казакстандын аймагы аркылуу транспорттоого кандай реакция кылары белгисиз. Бирок адистер бул сөзсүз түрдө АКШ өкмөтүнүн жана анын жакын союздаштарынын нааразылыгын жаратарын айып жатышат.

Расмий Ташкент азырынча "газ биримдигин" түзүү демилгеси боюнча эч кандай комментарий бере элек. Айрым эксперттер мындай сунуш Өзбекстан менен Казакстандын мамилесин начарлатуу үчүн айтылган деп эсептешүүдө.

Ал ортодо кремлчил ЖМКлар үч өлкөнүн ортосундагы "газ биримдиги" темасын активдүү чагылдырып, ошол эле маалда Астана менен Ташкенттин расмий позициялары жөнүндө үн катпай келишет.

XS
SM
MD
LG