Ссылки доступа

Казакстанда АМТ компаниясына таандык ишканада дагы бир жумушчу каза болду


8-декабрда "АрселорМиттал Темиртау" (АМТ) компаниясына таандык металлургиялык комбинаттын кокс-химиялык өндүрүшүндө бир жумушчу каза болду. Бул тууралуу АМТнын басма сөз кызматы билдирди.

Inbusiness.kz сайтынын маалыматына караганда, биринчи кокс цехинде иштеген 1982-жылкы жумушчу жүктөөчү автоунаанын алдында калган. Алган жараатынан ал дароо мерт болгон.

АМТ бул кырсыкка байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдирди.

Караганда облустук полиция департаменти "Этиятсыздыктан улам адам өлүмүнө алып келген эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу" беренеси боюнча тергөө иштери башталганын билдирди. "Жеринде ыкчам-тергөө тобу иш алып барып жатат. Кырсыктын чоо-жай такталууда", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бул "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таандык ишканаларда жумушчулар каза болгон алгачкы учур эмес. 3-ноябрга караган түнү Караганды облусундагы көмүр шахтасында беш жумушчу газга ууланып өлгөн. Өткөн жумада бул кырсык боюнча тергөө иштери уланып жаткан чакта АМТ компаниясынын жетекчилиги алмашканы кабарланган.

23-ноябрда өкмөттүк комиссия Караганды облусундагы шахтада беш жумушчунун өмүрүн алган кырсык боюнча иликтөө иштерин аяктаганын билдирген. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильиндин айтымында, "эмгек мыйзамдарынын" жана "өндүрүштүк коопсуздук эрежелеринин" бузулушуна жооптуу 26 киши аныкталып, иликтөөнүн материалдары полицияга жана прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Видео

XS
SM
MD
LG