Ссылки доступа

Экибастуз шаарындагы өзгөчө кырдаал режими алынды


Казакстандын Экибастуз шаарында жергиликтүү ЖЭБдеги авариядан кийин 28-ноябрда киргизилген техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу шаар акимчилиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, калаадагы мектептер менен бала бакчалар имараттарда керектүү температуралык режим орногондон кийин "штаттык режимде" иштей баштайт.

Акимчилик шаардагы бардык көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилгенин, "учурда гидротехникалык режимди калыбына келтирүү боюнча оңдоо иштери уланып жатканын" кабарлады. Бүгүнкү күндө 40 жеке турак үй борбордук жылуулук берүү системасына кошула элек.

Бирок экибастуздуктар көп кабаттуу үйлөрдүн көбүндө дале суук болуп жатканын, анткени ЖЭБдеги авариядан кийин түтүктөрдөгү суу тоңуп калып, жылуулук берилгенде алар жарылып жатканына даттанууда.

Өз кезегинде акимчилик сегиз бригада жылуулук берүү түтүктөрүндөгү жарылууларды оңдоо менен алектенип жатканын билдирип, жарандарды маселе жаралган учурда "Экибастузжылуулукэнерго" кызматына кайрылууга чакырды.

"Өзгөчө кырдаал режиминен зыянга учураган жарандардан арыздар кабыл алынууда. Келтирилген чыгымды аныктоо жана "Экибастузжылуулукэнерго" ишканасынын эсебинен ордун толтуруу үчүн турак үйлөр текшерилет. Жылуулуксуз калган үйлөр ноябрь жана декабрь айлары үчүн жылуулук берүү кызматына акча төлөөдөн бошотулат. Калган учурларда кайра эсептөө жүргүзүлөт", – деп кошумчалашты акимчиликтен.

Казакстандын түндүгүндө жайгашкан Экибастуз шаарында 27-ноябрда Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) агрегаттын түтүктөрү жарылган. Авариянын айынан 30 градус суукта шаардын 150 миңдей калкы жылуулуксуз калган. Калаада өзгөчө кырдаал жарыяланып, облус башчысы иштен алынган.

ЖЭБдеги аварияга анда иштеген кызматкерлердин катасы себеп болгону расмий айтылган.

XS
SM
MD
LG