Ссылки доступа

ЕБ Тоолуу Бадахшандагы окуяларды калыс иликтөөгө чакырды


Европа Биримдигинин (ЕБ) делегациясы Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кырдаалга жана журналисттер менен укук коргоочуларга көрсөтүлүп жаткан кысымга тынчсыздануусун билдирди.

Бул тууралуу ЕБдин Тажикстандагы өкүлчүлүгү Европа Биримдиги менен Тажикстандын адам укуктары боюнча 13-отурумунун жыйынтыгынан кийин билдирди.

ЕБдин диалогу 7-декабрда Душанбеде өттү.

Европа Биримдиги Бадахшандагы адам укуктарынын абалына кабатыр болуп, 2021-жылдын ноябрь жана 2022-жылдын май айындагы окуяларды көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

ЕБ Тажикстан бийлигин адилеттүү соттук териштирүүнүн эл аралык стандарттарын сактоого үндөдү.

Тоолуу Бадахшанда бир жыл мурда жапырт башаламандык башталып, бийлик аны күч менен баскан. Аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилип, интернет өчүрүлгөн. Кийин аймактан чыккан активисттер камалган.

Быйыл жазда бийликтин мындай кадамдарына каршы жергиликтүү тургундар акцияга чыгышкан. Күч түзүмдөрү менен карапайым тургундардын кагылышуусунан 16 кишинин өмүрү кыйылган. Расмий эмес маалыматтарга караганда бул сан 30дан ашат.

Ноябрдын аягында Тажикстандын Жогорку соту бадахшандык беш кишини өмүр бою эркинен ажыраткан. Ошондой эле сегиз киши 10 жылдан 30 жылга чейин кесилген.

Видео

XS
SM
MD
LG