Ссылки доступа

Тажикстанда камактагы адвокат Бузургмехр Ёров "жазаланып", катаал режимдеги абакка которулду


Бузургмехр жана Жамшед Ёровдор

Тажикстанда узак мөөнөткө соттолгон адвокат Бузургмехр Ёров абактагы эрежелерди сактабаганы жана күзөтчүлөргө баш ийбегендиги үчүн олуттуу жаза алды. Бул тууралуу 14-ноябрда анын жакындары билдиришти.

Адвокаттын бир тууганы Жамшед Ёровдун айтымында, ноябрда сот Бузургмехр Ёровду азыркыдан да катаал режимдеги абакка которуу чечимин чыгарган. Бирок ал андан бери Вахдаттагы түрмөдө кармалып, Душанбедеги катаал режимдеги абакка жакында эле которулган.

"Вахдат түрмөсүндө президент Эмомали Рахмондун өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу талаш чыккан. Агамдын бийликти сындаган пикирлери жанындагыларга жакпай калып, ал карцерге киргизилген. Чынында бул "талашты" түрмө өкүлдөрү өздөрү атайылап уюштурган. Эртеси түрмөгө соттун өкүлдөрү барып, Бухургмехр жаза мөөнөтүнүн эки жылын Душанбедеги катаал режимдеги абакта өткөрүү тууралуу өкүм чыгарып кетишкен. Эми ал 28 жылдык жаза мөөнөтүнүн эки жылын Душанбе абагында өткөрүшү керек болот", – деди Жамшед Ёров.

Кадимки түрмөлөрдөн айырмаланып, катаал режимдеги абактарда камактагылар башка соттолуучулар менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган, жакындары менен жолугушууда, кат алышууда жана таза абада сейилдөөдө чектөөлөр бар. Мындан тышкары аз гана тартип бузуу үчүн камактагылар дароо карцерге киргизилет.

Тажикстандын Жазаларды аткаруу кызматы Бузургмехр Ёровдун катаал режимдеги абакка которулганы боюнча эч кандай комментарий берген жок.

Жамшед Ёров өкмөттү сындап жүргөн агасына каршы жаңы кылмыш иши козголушу мүмкүн экенин айтты. "Азыр күч түзүм кызматкерлери мыйзамсыз жолдор менен Вахдат түрмөсүндөгү камактагылардан Бузургмехрга каршы көрсөтмөлөрдү алууга аракет кылып жатат. Аны камактагыларды абак жетекчилигине баш ийбөөгө жана козголоң уюштурууга чакырган деп айыптагылары келип жатат. Жакынкы убактарда ага каршы дагы бир кылмыш иши козголуп, камактагы мөөнөтү узарышы мүмкүн", – деди Жамшед Ёров.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. Ага "Алдамчылык" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча айып тагылып, 2017-жылы 28 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Ёровго "Бийлик өкүлүн кемсинтүү", "Сотту сыйлабоо" жана "Улут лидери, президентке акаарат келтирүү" беренелери менен дагы бир нече кылмыш иши козголгон. 2021-жылы "Мунапыс тууралуу" мыйзам менен анын камактагы мөөнөтү төрт жылга кыскартылган.

2019-жылы БУУнун Негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Бузургмехр Ёровду камакка алуу менен Тажикстандын бийлиги "эл аралык укукту бузганын" билдирип, тажик өкмөтүн аны тез арада эркиндикке чыгарууга үндөгөн.

Видео

XS
SM
MD
LG